Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн ОПЕК уюмунун министрлери бүгүн Нидерландда бейрасми жыйын өткөрүп, акыркы апталарда өтө көтөрүлүп кеткен мунайдын баасын түшүрүү маселелерин караштырууда. Сауд Арабиянын айтымында, бааны ылдый - мунай өндүрүүнү сегиз пайызга көбөйтүү аркылуу түшүрүш керек. Ирандын пикиринде болсо баанын көтөрүлүшү жалаң эле мунай өндүрүшү менен байланышкан эмес жана маселени чечүүгө жалгыз ОПЕКтин алы жетпейт.