Палестинада алты күндүн ичинде 45 адам өлтүрүлдү

Палестина жетекчилигинин маалыматы боюнча, Газа тилкесиндеги Рафах шаарына акыркы алты күн бою Израил аскерлери чабуул койгондон 300 үй кыйратылып жок кылынды. Израилдин айтымында болсо, аскерлер жер алдындагы үңкүрлөрдү издеп, 56 үйдү гана кыйраткан. Андай үңкүрлөр аркылуу Палестинага сырттан курал-жарак жеткирилет. Кечээ күнү жөөт аскерлери Рафахтан чыгарыла баштады, алты күндүн ичинде 17 жоокер жана 28 карапайым адам өлтүрүлдү, алардын он экиси - балдар.