Румыянияда Борбор Европа өлкөлөрүнүн президенттеринин саммити башталды

МАМАЙА. Румыянияда Борбор Европа өлкөлөрүнүн президенттеринин эки күндүк саммити башталды. Саммиттин башкы темалары: Еврошаркеттин кеңейүүсү жана Балкан жарым аралында туруктуулукту камсыз кылуу.

Мамайа деген курорттук шаарда өткөрүлүп жаткан бейформал жыйынга Европанын 16 мамлекети, анын катарында, Еврошакеттин жети мүчөсү : Австрия, Чехия, Германия, Мажарстан, Италия, Польша, Словакия жана Словения катышып жатышат. Самиттин алкагында, ошондой эле, өлкө башчыларынын көзмө-көз жолугушуулары өткөрүлүүдө. Жыйын коопсуздук чаралары күчөтүлгөн жагдайда өтүп жатат. Коопсуздукту камсыз кылууга ончакты тик учак жана миңдей полицей тартылган. Саммитке ошондой эле Украинанын жана Молдованын өкүлдөрү да катышып жатышат.