Ооганстанда америкалык 4 аскер өлтүрүлдү

КАБУЛ. Ишембиде Ооганстандын түштүгүндөгү Кабул провинциясында америкалык 4 аскер атып өлтүрүлдү. Алар - бул провинцияда баш калкалаган талибдерге каршы операция жүргүзүп жатышкан АКШнын атайын бөлүктөрүнүн аскерлери.

Акыркы 2 айда Ооганстандын түштүгүндөгү “Ал-Каиданын” согушчандары жана талибдер өз аракеттерин жанданта башташты.

Ооганстандын өкмөтү бул регионго 10 миң адамдан турган армия жиберүүнү пландаштырып жатат