Түркмөнбашы "Рухнаамадагы" сөздөрүн мечиттин дубалына түшүрүүнү каалайт

АШХАБАД. Түркмөнстандын президенти "Рухнаама" китебиндеги сөздөрүн өзү туулуп-өскөн Кыпчак калаасында курулуп жаткан мечиттин дубалына түшүрүүнү каалайт.

- Жалаң арабча жазууларды элдин көбү түшүнбөйт,- деп айтты президент.

Сапармурад Ниязовдун адеп-ахлакка жана үлгүлүү жүрүм-турумга үйрөткөн "Рухнаама" китебин түркмөн өкмөт өкүлдөрү экинчи Куран деп сыпатташат. Кыпчактагы мечит Борбор Азиядагы эң чоң мечит болуп калмакчы. Анда бир эле маалда 10 миң киши намаз окуй алышат.