БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча резолюцияны талкуулоодо

Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча жаңы резолюциянын эң соңку долбоорун кароодо. Өз сөздөрүндө Коопсуздук кеңешине мүчө Алжир, Чили, Пакистандын элчилери Ирактын бийликтери менен көп улуттуу күчтөрдүн ортосунда коопсуздук чаралары боюнча тактык бар экенин кепилдөө үчүн резолюция дагы бир аз кошумча–алымчага муктаж экенин белгилешти. АКШ баштаган күчтөрдүн кандайдыр бир ири операциясы үчүн Ирак өкмөтүнүн макулдугу талап кылынат деген Франциянын сунушу резолюциянын соңку долбооруна киргизилген эмес. Бирок резолюцияда Ирактын суверенитетинин принциптери тагыраак аныкталган. Документ ошондой эле эгер утурумдук өкмөт суранса, Коопсуздук Кеңеши Иракты колдоо боюнча эл аралык конференция өткөрүү маселесин караары айтылат. Мындай сунушту Орусия киргизген болчу. Резолюция бүгүн колго салынышы ыктымал.