Ооганстанда Талибандын 21 согушкери жок кылынды

Урузган провинциянын губернаторунун билдиргенине караганда, уруш америкалык аскерлердин кербени аталган провинцияга коңшу Забул провинциясында 100дөн ашуун согушкердин буктурмасына кабылган соң башталган. АКШ жана Ооган аскерлерине абадан америкалык учактар да колдоо көргөздү. АКШ армиясынын өкүлүнүн айтымында, согушкерлердин төртөөсү туткундалган, америкалык аскерлердин бешөөсү, Ооган жоокерлеринин экөөсү жаракат алды.