Ирактык күрддөр жаңы мамлекет түзүүгө чакырылууда

АКШ өкмөтү ирактык күрддөргө кайрылып, өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн ишине аларды толук катышууга чакырды. Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Ричард Баучердин айтымында, күрддөр ал өкмөттө жогору мааниге ээ болууга тийиш: "Күрд уюмдары жаңы мамлекет куруу жараянына катышат деп биз үмүттөнөбүз, алар өкмөт ишине, саясатка, коомдук турмушка тиги же бул ыкма менен аралашууга тийиш жана сөзсүз ошентет". Күрд жетекчилеринин айтымында, эгер Иракта бийликке келген шийилер күрддөрдүн автономиясын чектебей турганына кепилдик бербесе, алар жаңы мамлекет түзүүгө катышпайт.