Ооганстанда кытайлык жумушчулар өлтүрүлдү

Ооганстандын коргоо министри кытайлык жумушчулардын өлтүрүлүшүн айыптап, ал үчүн жоопкерчиликти талиптер менен “Ал-Каиданын” согушкерлерине жүктөдү. Бирок министр талиптер менен “Ал-Каидачыларга” каршы далилдерин келтирген жок. Мохамед Касым Фахим кол салууну “ырайымсыз террордук акт” деп атады. Министр окуя болгон Кундуз шаарына атайын иликтөө тобу жиберилгенин кошумчалады.

Кечээ кечинде Ооганстанда кытайлык 11 жумушчуну кимдир-бирөөлөр өлтүрүп кеткен эле. Кытайлар менен чогуу иштеген оогандык Абдул Фатах окуянын чоо жайын мындайча айтып берди:

- Биз ошол жерден 1 чакырымдай алыста жашайбыз. Өткөн түнү саат 12 жарымдарда октун ышкырган үнү угулду. Бизде эч кандай курал жок. Биз курулуш иштери менен эле алекбиз. Эртең менен карасак, атып салынган кытайлыктарды көрдүк.

Кытай бийлиги бул кыянаттыкты катуу айыптады. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Лю Цзинчао Бээжинде өткөн брифингде буларды билдирди:

- Биз тиешелүү органдар менен байланышып, жарадар болгон кытайлыктарга жардам көргөзүү жана Ооганстандагы башка жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо үчүн аракет көрүп жатабыз.