Литвада президенттик кайра шайлоо болот

Литвада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Кечээ күнкү шайлоодо мурдакы президент Валдас Адамкус 27 процент, экс-премьер-министр Казимира Прунскейне 22 процент добуш топтошту.
Литва парламенти президент Роландас Паксасты коррупцияга аралашты жана конституцияны бузду деп, ага эки ай мурда импичмент жарыялагандыктан, өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо өткөрүлүүдө.