Таласта көкбөрү боюнча республикалык чемпионат болду

ТАЛАС. Көкбөрү боюнча Кыргыз республикасынын 6-чемпонатын Улуттук "Манас ордо" комплексинде жалпы элдин катышуусунда өткөрүү, анын финалдык таймашын ЮНЕСКОнун башкы директору Коичиро Матсууранын Таласка келишине ылайыктап көрсөтүү жөнүндөгү "Көкбөрү" федерациясынын сунушу четке кагылгандыгы маалым. Бирок, мындай тоскоолдукка карабастан 6-чемпионат Карабуура районундагы Бакайыр айылында өткөрүлдү. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болушкан бакайырлык көкбөрүчүлөр чемпионатка келишкен 6 команданы, конокторду кабыл алуу, жайгаштыруу түйшүктөрүн аркалап жүрүштү. Чемпиондук баш байге болгон жеңил автомашинаны да жеңип алышты. Ал эми элдин каражатына курулуп, эл үчүн кызмат кыла турган "Манас ордо" комплексинин ат майданы өткөн ишемби күнү ЮНЕСКОнун башкы директорун коштогон он чакты адамды кабыл алып, узатканы болбосо аңгырап бош турду.