Тажик парламенти Шайлоо кодексин кароого камданууда

Бүгүн Тажик парламентинин төмөнкү палатасы шайлоо кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн пакетин жактырды. Өлкөдөгү саясий партиялардын бардыгы бул алымча-кошумчалар эл аралык стандарттарга жооп берет деп, аларды кубатташкан эле.
Маселен, талапкерлердин катталышы үчүн төлөнө турган акынын өлчөмү төмөндөтүлдү.

Буга чейин президент Эмомали Рахмоновдун “Элдик демократиялык партиясы” ар бир кандидат 3 миң долларга, ал эми партиялар 80 миң долларга тете акы төлөсүн деген сунушун киргизген эле.

Тажикстанда бир айлык маяна орто эсеп менен алганда, 10-20 долларды түзөт. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бардык талапкерлер каттоо үчүн 500 доллар төлөмөй болушту. Дагы бир жобого ылайык, жергиликтүү шайлоо комиссиялары саясий партияларга кирбеген адамдардан куралууга тийиш.