Афинадагы Олимпиаданын чыгымы ушу тапта эле алты миллиард евродон ашты

Бул сумма пландаштырылгандан алда канча көптүк кылат. Жалпы чыгым баш-аягы болуп он миллиард еврого жетиши мүмкүн. Өзгөчө оюндардын коопсуздугун камсыз кылууга арбын каражат сарпталды. Мунун баары Грециянын бюджетине олуттуу салакасын тийгизет.

Таңкы жаңылыктарды Прагадан Эсенбай Нурушев даярдады.