Футбол боюнча Европанын биринчилиги уланууда

Кечээ Франция менен Хорватиянын командалары беттешип, 2:2 эсебинде тең чыгышты. УЕФА Италиянын негизги оюнчусу Франческо Тоттини алдыдагы үч оюндан четтетти. Тотти Даниянын командасы менен болгон оюнда атаандашынын бетине түкүрүп жиберген эле.