Европа комиссиясын башкарууга талапкер табылбай жатат

Брюссель шаарында бүгүн Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу аяктады. Бирок жыйында - Европа Комиссиясынын төрагалыгынан кетип жаткан Романо Продинин ордуна ким шайланаары белгисиз бойдон калды. Биримдикте төрагалык кылган Ирландиянын тышкы иштер министри Берти Ахерндин айтымында, шайлоону кийинкиге калтырыш керек:

- Комиссиянын төрагасын шайлоо эрежеси өтө жөнөкөй - ким жетиштүү колдоого арзыса, ошол төрага болуп шайланат. Азырынча андай талапкерлер чыга элек.

Саммитте Биримдиктин Конституциясынын долбоору, Жер ортолук деңиз менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташуу стратегиясы жана башка маселелер талкууланды.