Орусия футболчулары Грекия командасын ута алабы?

Футбол боюнча Европа чемпионаты уланууда. Кечээ Чехия Нидерландды 3:2 эсебинде утту. Германия менен Латвия 0:0 бойдон калды. Бүгүн Испания менен Португалия ойнойт. Ошондой эле Б тобунда Орусия Грекия менен беттешет. Баса, Орусиянын футболчулары кандай болгон күндө да буга чейин эки ирет утулгандыктан, чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Кечки жаңылыктарды Прагадан Чолпон Орозобекова даярдадыю.