Голландиянын соту Европада терракттарды даярдап жаткан уюмдун 2 мүчөсүн 6 жылга кести

Франциялык жаран Жером Куртайе жана теги алжирдик Абделгани Рабиа Усама бин Ладендин “Ал-Каида” уюмуна киргендиги үчүн күнөөлүү деп табылды. Бирок сот өз өкүмүндө уюмдун атын атаган жок. Эки айыпкер тең сыртынан кесилди.