Улуттук азчылыктардын абалына байкоо салынат

БИШКЕК. 23-июнда Кыргызстанга Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун улуттук азчылыктардын иштери боюнча Жогорку комиссарынын баалоочу миссиясы келет. 2-июлга чейин созулуучу сапар учурунда миссия өкүлдөрү Бишкекте, Ош жана Жалалабад облустарында болот жана парламент мүчөлөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын, улуттук азчылыктардын өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.