Кечээ америкалык армия Ирактын Фаллужа шаарында шектүү жайга чабуул койду

Генерал Марк Киммиттин ырастоосунда, имаратта иорданиялык террорист Абу Мусаб ал-Заркавинин жолдоочулары жашынып жүргөн. Мындай маалымат чалгындоо кызматтарынан алынган деди генерал. Киммит курман болгондордун саны жөнүндө айтпаганы менен, агенттиктер 4 киши окко учканын, дагы бир нечеси жарадар болгонун маалымдашууда.
Өткөн ишембиде ушул эле шаарда америкалык аскерлер билдиргендей шектүү жай бомбаланган эле. Фаллужанын расмий өкүлдөрү болсо ал турак жайда ирактык үй-бүлө жашачу деп ырастап келатат.