Эл аралык укук коргоо уюму Чеченстандагы адам укуктары боюнча абалга карата тынчсыздануусун билдирди

МОСКВА. “Эмнести Интернешнл” эл аралык укук коргоо уюму Чеченстандагы адам укуктарынын абалына байланыштуу докладын Москвада жана Страсбургда жарыялады. Анда Чеченстанда адам укуктары одоно түрдө бузулуп жаткандыгы, республикада кыйноолор менен адам өлтүрүүлөр, адамдардын дайынсыз жоголушу сыяктуу көрүнүштөр көнүмүш адатка айланып бараткандыгы жөнүндө айтылган. Эл аралык укук коргоо уюмунун докладында ошондой эле Ингушетияда орун алган бул сыяктуу көрүнүштөр да Чеченстандагы абалга байланыштуу деп жазылган.