БАСРА. Иранда туткунга түшкөн Улуу британиялык сегиз моряк Ирактагы аскердик базага аман-эсен кайтып келишти. Алар Ирандын жээк сууларында кармалган. Британиянын айтымында, Ирактын полициясына мотордуу кайык жеткирип бараткан моряктар Ирандын чек арасына байкоосуздан кирип кетишкен.