Чехия Европанын футбол чемпионатынын жарым финалына чыкты

Муну менен жарым финалдын баардык катышуучулары аныкталды. Кечээ кечинде чейрек финалдагы оюнда Чехиянын футболчулары Даниянын курама командасын 3:0 эсебинде утуп алды. Эми жарым финалда Португалия Голландия менен, ал эми Чехия Греция менен беттешет.
Европанын футбол боюнча чемпионаты Португалияда өтүүдө.

Таңкы жаңылыктарды Улан Эшматов Прагадан даярдады.