“ЧЕГАРАСЫЗ КАБАРЧЫЛАР” УЮМУ ЭРКИН ЖУРНАЛИСТТИ КОРГООДО

Азиза Турдуева, Прага 2003-жылдын август айында соттун чечими менен 4 жылга эркинен ажыратылган өзбекстандык журналист жана укук коргоочу Руслан Шарипов боштондукка чыга элек. Бирок өткөн аптада анын иши сотто кайра каралып, журналист калган жаза мөөнөтүн Бухара шаарында үй шартында өткөрмөк болду. Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар жана журналисттерди коргоо комитети Өзбекстандын бийлигине саясий куугунтукка учураган журналистти бошотууну талап кылып, бир нече ирет кайрылган. Мындай кайрылуу менен президент Ислам Каримовго дүйнө боюнча камакта отурган журналисттердин укуктарын коргогон “Чегарасыз кабарчылар” уюму да кайрылды.
Өзбекстандагы көз карандысыз журналист Руслан Шарипов 2003-жылдын май айында гомосексуал жана мындай мамилеге өспүрүм балдарды тарткан деген доо менен Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 120-, жана 129-беренелерине ылайык камакка алынган.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Шарипов саясий себептер менен камакка алынды деген көз караштарын ошол эле замат айтып чыгышты. Анткени журналист соңку жылдары Ислам Каримовдун саясатын, жогору кызматтагылардын ишин кескин сындаган макалаларын жарыялап келген.

Руслан Шариповго үстүбүздөгү жылы “Эркиндиктин алтын калеми” эл аралык сыйлыгы да ыйгарылды. Бул сыйлыкка адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоодо эрдик көрсөткөн журналисттер гана татыйт.

25 жаштагы журналист Шариповдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны жабык түрдө өткөрүлгөн. “Хюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму, Журналисттерди коргоо боюнча комитет Шариповдун камалышын Өзбекстанда сөз эркиндигине кысым көрсөтүү жана сексуалдык азчылыкка карата ачык кодулоо катары баалады. Бул уюм президент Ислам Каримовго журналистти камактан бошотуу талабы менен кайрылган.

Ушундай эле талап менен өзбек бийлигине “Чегарасыз кабарчылар” уюму да кайрылды. Президент Каримовдун атына жолдонгон катта уюм Руслан Шариповго байланыштуу сот жараянында журналисттин бардык укуктары, жадагалса, адвокат алууга болгон укугу да одоно түрдө тебеленген деп айтылат. “Чегарасыз кабарчылар” уюму Ташкенден 600 чакырым алыста жайгашкан жерде үй шартында жазасын өтөп жаткан Руслан Шариповду бошотууну жана ага өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгүн улантууга уруксат берилишин талап кылууда.

Ал эми Руслан камакка алынгандан кийин “Азаттыктын” кабарчысынын “Мындан ары Өзбекстанда өз ишиңизди улантасызбы?” деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берген эле:

- Азырынча белгисиз. Менин Өзбекстандагы мындан аркы ишим эл аралык коомчулуктан да көз каранды. Бирок азырынча мен бул жерде өзүмдүн ишимди улантып кете алышыма көзүм жетпей турат, - деп жооп берген камакта жаткан Руслан Шарипов.

Алды менен, камакка алынганда, Шарипов ага коюлган күнөөлөрдүн баары негизсиз деп расмий билдирип, сот акыйкаттыгын талап кыла бере тургандыгын жарыялаган. Атүгүл АКШ президенти Жорж Бушка жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннанга чейин кайрылып, кат жолдогон.

Бирок көп убакыт өтпөй эле, былтыр август айында Шарипов ага коюлган күнөөлөрдүн баарын мойнуна алып, адвокаттан да баш тартты. Ага чейин анын адвокаты белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып кеткен. Укук коргоочулардын пикиринде, Шарипов түрмөдө ага карата колдонулган кыйноолорго жана бир туугандарына, апасына карата айтылган коркутууларга чыдабай, ага коюлган күнөөлөрдү мойнуна алууга аргасыз болду.

Ал эми Шариповго карата сот өкүмү өзгөртүлүп, калган жаза мөөнөтүн үй шартында өтөөгө уруксат берилгендигин серепчилер укук коргоо боюнча эл аралык уюмдардын журналистти бошотуу боюнча талаптарына байланыштуу болду деп эсептешет.

“Чегарасыз кабарчылар” уюму Руслан Шарипов соңку жылдары Өзбекстандын бийлиги тарабынан куугунтукка алынып келген деп эсептейт.