Израил аскерлери Бейт Ханун шаарында операция өткөрүүдө

Газа тилкесинен соңку кездери жөөттөрдүн бир нече кыштактары ракетадан аткыланды. Кечээги атышууларда палестиналык жети киши, алардын арасында “Ал-Аксанын азапкерлери” тобунун жана “Хамастын” бирден активисти ок жеп өлдү. Аймактын түштүгүндө Хан Юнистеги качкындар лагеринде жөөт аскерлери жыйырма бештен ашуун үй-жайды сүздүрүп салышты.