Укук коргоочу Турсунбек Акун Караколдо

КАРАКОЛ. Укук коргоочу Турсунбек Акун берген пресс-конференциясында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана "Хизб-ут Тахрир" партиясынын облустагы мүчөлөрүнөн түшкөн арыз-даттануулардын мазмуну тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстан укук коргоо кыймылына 19 арыз түшкөн. Алардын ээлеринин далилдөөлөрүнө караганда, "Хизб-ут Тахрирчилерди" тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү ур-токмокко алышып, коркутуп-үркүтүшкөндүктөн алардын адам укуктары тебеленген. «Мен "Хизб-ут Тахрирчилерди" колдоодон жана жактоодон алысмын, бирок,алардын укуктарын укук коргоочу катары колдоого тийишмин», - деп билдирди.