Иракта барымтачылар болгар туткунун өлтүргөнүн жарыялашты

"Ал-Жазээра" сыналгысы кечээ кечинде барымтадагы эки болгар айдоочунун бири өлтүрүлгөнү айтылган видео-тасманы көрсөттү. Барымтачылар өткөн аптада Кошмо Штаттары бардык ирактык айыпкерлерди бошотпосо, экөөнү ишембиде өлтүрөбүз деп эскертишкен эле.