Россия коопсуздук кызматына өзгөртүүлөрдү киргизет

МОСКВА. Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык коопсуздук кызматын реорганизациялоо жөнүндөгү жардыкка кол койду. Пландаштырып жаткан өзгөртүүлөр боюнча, агенттиктин башчысынын орун басарларынын саны 12ден 4 кишинин дэңгеелине чейин кыскартылып, бюронун директоруна министрдин макамы берилет. Буга окшогон өзгөртүүлөр Чукул кырдаал министрлигинде да ишке ашырылып, министрликтин борборук аппаратындагы кызматкерлердин саны азайтылат.