Жүргүнчү ташыган поезд жолдон чыгып кетти

ПЕТЕРБУРГ. Шаршемби күнү кечинде Петербургдун жанында Петербург-Рига каттамы боюнча жүрүп бараткан жүргүнчү ташуучу поезд жолдон чыгып кетти. Кырсыкка эки жуп дөңгөлөктүн бузулуп калышы себеп болгон. Анын натыйжасында эки вагон жолдон чыгып кетип, ооп калган. Поезддин жүргүнчүлөрү эвакуацияланды. Кырсыктан жабыр тарткандар болгон жок.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прага шаарынан даярдады.