Жоокерлер 1 жыл кызмат өтөшөт

БИШКЕК. 2006-жылдын 1-январынан баштап аскер-аба күчтөрүндө, ички иштер бөлүгүндө, чегара кызматында жана Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн жоокер, сержанттардын кызмат өтөө милдети 1 жылдык мөөнөт менен чектелет. Мындай өзгөртүү киргизилген “Кыргыз Республикасындагы атуулдардын жалпы аскердик кызмат өтөө милдети” тууралуу мыйзамга мамлекет башчысы 20-июлда кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.
КМШ мамлекеттериндегидей эле Кыргызстан да аскер күчтөрүн реформалоо багытында профессионалдык деңгээлдеги контрактык негизде аскердик кызмат өтөгөндөрдүн санын көбөйтүүнү болжойт.