Индиянын тышкы иштер министри барымтачыларга кайрылды

Индиянын тышкы иштер министри Натвар Синх бир нече араб телеканалы аркылуу Иракта барымтага аланган индиялык үч айдоочуну бошотууну сурады:

- Мен барымтада отурган жарандар жоокерлер эмес экенин кайталап айтам. Мен ошондой эле бейкүнөө адамдардын өз үйүнө аман-эсен кайтып келүүсүнө кол кабыш кыла алчу бардык адамдарга кайрылам.

Ирактык козголоңчулар кечээ күнү индиялык үч, кениялык үч жана мисирдик бир жаран иштеген кувейттик компания Ирактан чыгып кетпесе, алар мерт кылынаарын эскерткен.

Барымтачылар Индия, Кения жана Мисир өкмөтүнөн бардык жарандарын Ирактан чыгарып кетүүнү талап кылышкан. Бул үч өлкөнүн бийликтери бүгүн өз жарандарын аман-эсен бошотуп алуунун амалын кылып жатканын билдирди.