Ирак Түрмөнстандын футболдук командасын 3-2 эсеби менен утуп алды

Чең Ду. Футбол боюнча Азия кубогу үчүн өтүп жаткан мелдеште Ирак Түрмөнстандын командасын 3-2 эсеби менен утуп алды. Оюндун 88-мүнөтүндө ирактык оюнчу Кусай Мунир Түркмөнстандын дарбазасына бир топ киргизип, эсепти 3-2 кылып, Ирактын пайдасына чыгарды. Эми Ирактын командасы Сауд Арабияныкы менен беттешмекчи. Кубоктун үч жолку чемпиону Сауд Арабияны бейшембиде Өзбекстандын командасы 1-0 эсеби менен утуп алды. Ошентип Өзбекстандын жана Ирактын футболдук командалары чейрек финалга чыккан сегиз команданын катарына кошулушту.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Баян Жумакадыр кызы Прага шаарынан даярдады.