Иорданиянын командасы Кувейттикин 2-0 эсебинде утту

Футбол боюнча Азия чемпионатында Иорданиянын командасы Кувейттикин 2-0 эсебинде утту. Кечээ Ирактык футболчулар Түркмөнстандын оюнчуларын 3-2 эсебинде жеңсе, Азиялык мелдештин 3 жолку чемпиону Саудиялык футболчуларды Өзбекстандын командасы 1-0 эсебинде утуп алган. Ошентип, Өзбекстан, Ирак, Иорданиянын футболдук командалары Кытайда өтүп жаткан Азиялык чемпионаттын чейрек финалына чыгышты.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Венера Сагындык кызы Прага шаарынан даярдады.