Америкалык командачылык Фаллужадагы аба соккулары согушчандар тобун бутага алганын айтууда

Айрым булактар ал жерде "Ал-Каиданын" өкүлү Абу Мусаб ал-Заргавинин жоокерлери жашырынганын кабарлашкан. 10-12 согушчанды бутага алган чабуул алдын-ала Ирактын бийликтери менен макулдашылган экен. Фаллужалык догдурлар болсо авиациялык чабуулдан беш катардагы тургун, алардын арасында жаш балдар жараат алышканын маалымдашты.