Ирак өкмөтү мунай экспортоонун жаңы жолун издөөдө

Ирактын өткөөл өкмөтүнүн төрагасы Аяд Аллави Ливан аркылуу мунай экспорттоону сунуш кылды.
Ал сунушту Ливандын премьер-министри Рафик Харири менен Бейрутта болгон кездешүүдө жасады.
Аллавинин сөзүнчө, бул маселе Сирия менен талкууланыш керек. Анткени мунай боросу Сирия аркылуу өтөт.