АКШнын демпартиясынын курултайы Бостондо өтөт

Бүгүн АКШнын түндүк чыгышындагы Бостон шаарында оппозициядагы Демократтык партиянын улуттук курултайы ачылат. Төрт күндүк жыйындын алгачкы күнү негизги оратор катары экс-президент Билл Клинтон сөз сүйлөйт. Ардактуу коноктордун ичинде мурдакы президент Жимми Картер, экс-вице-президент Ал Гор, Клинтондун зайыбы, сенатор Хиллари Родхам Клинтон да бар.

Сенатор Жон Керри курултайга шаршемби күнү келет жана бейшемби күнү ырасмий түрдө президенттикке талапкер деп жарыяланат.

Курултайга 5 миңдей делегат, 15 миңге жакын конок жана 15 миң чукул кабарчы катышат. Төрт жылда бир чогулчу куралтайдын коопсуздугун камсыздоо үчүн абада, жерде жана деңизде кошумча күзөт коюлду.