АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы Бишкекте

Бишкек. Кечээ Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жон Абизэйд Бишкекке келди. Бүгүн анын президент Аскар Акаев, Коргоо министри Эсен Топоев жана башка жетекчилер менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгынын командачысы генерал Жон Абизэйддин иш сапары тууралуу Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев буларга токтолду:

- Борбордук командачылыгынын командачысы болуп ал өткөн жылы июль айында дайындалган. Андан бери бир жыл убакыт өтүп кетти. Анын иш сапарынын максаты, негизинен Кыргызстандын куралдуу күчтөрү менен жакындан таанышканы келет. Себеби АКШнын куралдуу күчтөрү менен кызматташып жатпайбызбы. Ал эми кандайдыр бир келишимдерге кол коюлбайт.

Генерал Жон Абизэйд былтыр август айында Кыргызстанга келип коргоо министринин орун басары Алик Мамыркулов менен жолугушуп, коргоо министрлиги тарабынан «Манас» аба майданында жайгашкан Ганси авиабазасына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле Ооганстандагы «Алькаидачылар» менен «Талибан» кыймылынын аракеттерине байланыштуу маселелерди талкуулашкан. Ал эми АКШ генералы Жон Абизэйд Коопсуздук Кеңешинин мурдакы катчысы Мисир Ашыркулов менен жолугушуп, алар коопсуздук маселелерин талкуулашкан. Ал жолугушууларга журналисттер чакырылган эмес.
Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда генерал Жон Абизэйддин бул жолку иш сапарындагы сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтүшү күтүлүүдө.

Таңкы жаңылыктарды Прага шаарынан Азиза Турдуева даярдады.