Куштун сасык тумоосу адам өмүрүн да кыйууда

Чыгыш Азиядагы 10 мамлекет куштун сасык тумоосуна каршы чараларды талкуулап жатат. Бул сасык тумоодон баш-аягы 100 миллион канаттуу жок болду. Ошондой эле, бул илдеттен Таиландда 8, Вьетнамда 10 адам каза тапты.

Улуттар уюмунун тамак- аш жана айыл чарба долбоору чогулткан адистер Бангкокто алдыдагы эки жыл ичинде бул сасык тумоонун жолун буучу дүйнөлүк түйүн түзүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Чолпон Орозобекова даярдады.