«Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык кайрымдуулук уюму Ооганстандан чыгып кетип атканын жарыя кылды

24 жылдан бери бул өлкөдө иштеп келаткан бул уюм азыркы бийлик өз иш-аракеттери менен Ооганстандагы кырдаалды ого бетер курчутуп атканын билдирди. “Чек арасыз дарыгерлер” уюму Америка баштаган коалициялык күчтөр гуманитардык жардамды саясий курал катары пайдаланат деп санайт.

Ушул жылы 2-июнда Ооганстандын түштүк-батышында бул уюмдун беш кызматкери өлтүрүлгөн. Эл аралык уюмдун пикиринде, бул уюмдун өкүлдөрүнүн коопсуздугун сактаганга жана беш адамдын өлүмү боюнча тергөө ишин дыкат жүргүзгөнгө бийлик өкүлдөрү тарабынан аракет болгон жок.