Шрөдер нацисттерге каршы көтөрүлүштүн катышуучуларынын күмбөзүнө гүлчамбар койду

Германиянын канцлери Варшавада 200 миңден ашык кишинин каны төгүлгөн көтөрүлүштүн 60 жылдыгын эскерүү аземине катышты. 1944-жылы 1-августта поляктар баштаган козголоң 63 күнгө созулуп, кызыл кыргын менен аяктаган.