Грузиянын президенти кечээ кабарчыларга билдиргендей, ал мындан бир нече ай мурда Грузиянын коопсуздук күчтөрүнө өлкөнүн аймактык сууларына кирип келген бардык кемелерди атууга буйрук берген. Ал азыр Абхазияга кайык менен келүүнү каалаган туристтердин коопсуздугу үчүн мындай эскертүүнү кайра кайталап жаткандыгын бышыктады.