Британияда полиция антитеррордук рейдде 13 кишини камакка алды

Шейшемби күнү кечинде жарыяланган полициянын билдирүүсүнө ылайык, 20-30 жаш курактагы кармалгандар терроризм чабуулдарын даярдап же мындай чабуулга тукурган деп шектелүүдө. Полиция алардын улутун айткан жок. Кармалгандар сурак берип жатышат, издөө уланууда.