Нью-Йоркто “ал-каидачылар” кармалды

Бул шаардагы чоң мечиттердин биринен АКШнын федералдык кызматы эки адамды камакка алды. Америкалык массалык маалымат каражаттары билдиргенге караганда, жашыруун агент бул эки адамдан террордук чабуул жасоочу адамдын кейпин кийип барып жардыргыч зат сураган. Бул эки имам жашыруун агенттин өтүнүчүн аткармак болушкан. Америкалык федералдык агенттик бул эки адамдын “ал-Каида” менен байланышы бар экенин тастыктап, андан башка маалымат берүүдөн баш тартты.