Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ тоолордо жүргөн көчкүдөн бардыгы 40тай адам кырсыкка кабылганын билдирди. Ысыккөлдүн чыгыш тарабындагы бийиктиги 7 миң метрге жакын Хантеңир чокусун багындырууга баратып, көчкүнүн алдында калган алты альпинисттин бешөө - Чехиянын, бирөө Орусиянын жараны болгон. Алардын жанындагы экөө ооруканага жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Эмил Акматовдун айтымында, куткаруучулардын ишин улам кеңейип бараткан көчкү татаалдаштырууда.