Бээжинде футбол боюнча Азия чемпионаты аяктады

Бүгүн Бээжин шаарында футбол боюнча Азия чемпионаты аяктады, финалда Жапания Кытайды 3:1 эсебинде утту. Мурдагы чемпионатты дагы Жапания утуп алган.
Кечээ күнү болсо үчүнчү орун үчүн оюнда Ирандын улуттук командасы 4:2 эсебинде Бахрейнди утту.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Нарын Айып даярдады.