Австрияда автокырсыктан туристтер жапа чегишти

Австрияда Зальцбург шаарына жакын жерде британиялык туристтерди ташып бараткан автобустун кырсыкка учурагандыгынан 4 адам набыт болуп, 3сы жаракат алышты. Маалыматтарга караганда, автобуста Британиялык туристтерден тышкары Германиянын жана Россиянын да атуулдары болгон. Жаракат алган адамдардын баары оруканага жеткирилди.


Соңку дүйнөлүк жаңылыктарды Прагадан Азиза Турдуева даярдады.