Папа Иоанн Павел Экинчи Франциянын Лоурдс шаарына келди

Папа Иоанн Павел Экинчи бүгүн Франциянын түштүгүндөгү Лоурдс шаарына келди. Эртең папа шаарда ачык асман алдында таат-ибадат өткөрөт, ага 300 миң адам катышат деп күтүлүүдө. Папа менен жолугуу үчүн шаарга Франциянын президенти Жак Ширак дагы келди: "Сиздин келишиңиз, сиздин камыңыз Лоурдско келип сыйынган бардык адамдарды шыктандырат, алардын көбү оорулуу же жапа чеккендер". Азыр 84 жашка чыккан папанын бул бир жүз төртүнчү чет өлкөлүк сапары.