Сергей Дувановду сот бошотту

Казакстандык журналист Сергей Дувановду Алматы соту шарттуу түрдө мөөнөтүнө мурда бошотуу тууралуу чечим чыгарды. Эгер прокуратура буга каршы чечим чыгарбаса, ал 26-августта бошойт. 2003-жылы Сергей Дуванов кыз зордукатады деген айып менен соттолгон. Бул айыпты журналист өзү четке кагат. Айрым эксперттер оппозициялык маанайдагы журналистти камакка алыш үчүн токулган жасалма кылмыш иши катары баалашат.