Германиялыктар жумушсуздук боюнча жөлөкпулдардын азайтылышына нааразы

Немец өкмөтүнүн жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды кыскартуу планына каршы кечээ Германияда массалык нааразылык акциялары болду. Нааразалык билдирип Лейпцигде 10 миңден ашуун адам, Берлинде 7 миңдей, Саксония-Анхальт жеринде 20 миңдей адам көчөгө чыкты. Германияда жумушсуздук боюнча узак мөөнөткө берлүүчү жөлөкпулдар жаңы жылдан тартып бир топко азайтылат. Өкмөттүн өз планынан баш тартуу ниети жок.