Тажикстандын Куляб шаарында “Хизб-ут Тахрир”радикал тобунун мүчөлөрү деп шектелген 20 кишинин үстүнөн сот процесси башталды

Алардын тогузоо Тажикстандагы расмий бийликти кулатууга үндөгөн кылмыш тобуна киргендиги үчүн күнөөлөнүп жатат.
Россиянын ИТАР-ТАСС агенттиги кабарлагандай, жыл башынан бери Тажикстанда радикал ислам согушкерлери деген айып менен 70ке жакын киши камакка алынган.