Түркиянын коопсуздук кызматтары күрд согушкерин камакка алды

Ал Түркиянын түштүк-чыгышындагы Мардин шаарынын коопсуздук кызматтары тарабынан кармалды. Бийлик өкүлдөрүнүн ишениминде кармалган адам мыйзамсыз уюм- Күрд Жумушчу партиясынын мүчөсү жана Түркиянын шаарларында терракт жасоону көздөгөн.
Күрд Жумушчу партиясы түрк өкмөтү менен күрддөр басымдуулук кылган аймактын автономиясы үчүн 1984-жылдан бери күрөшүп келүүдө.
1999-жылы аталган топ бир тараптуу түрдө ок атышууну токтотконун жарыялаган эле. Бирок быйыл июнда ал чечиминен баш тартып, Түркиянын туристтик жайларында жана экономикалык кызыкчылыктарына каршы кол салууларды жасарын эскерткен.